Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

COVID-19 дагы 38 кишиден табылды

Ушуну менен СOVID-19 вирусу жуккандардын саны 377 адамга жетти.

12-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы учурдун саны 38 болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Вирус жаңы табылган адамдар обсервацияда жатышкан. Ошондуктан кооптонууга, тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Бирок карантиндин жоболорун так сактоого баарыбыз милдеттүүбүз», - деди Каратаев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавируска байланыштуу лабораторияга изилдеш үчүн 24 885 үлгү түшкөнүн, алардын ичинен ушул күнгө чейин 24 356 анализ текшерилгенин кошумчалады.

«Реагенттер жетишпей калып, жүйөлүү себептер менен анализдерди өз убагында жасай албай калганбыз. 11-апрелде мурда алынган анализдердин баары такталып чыкты. Бир күндө 1674 анализ жасалды», - деди Каратаев.

Буга чейин Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тест-системалардын жетишсиздигинен миңдеген адамдардын анализи текшерилбей турганы белгилүү болгон.

Каратаевдин сөзү боюнча, ушу тапта 1025 киши обсервацияда жатат. COVID-19 вирусу аныкталган бейтаптар менен контактта болгон адамдардын саны – 6537. Жакын байланыштар (1-категория) – 1178. Башка байланыштар (2-категория) – 5359. Министрлик вирус табылгандар менен контактта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Ошентип, 12-апрелге карата маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 119, Ош шаарында - 54, Чүй облусунда – 21, Баткен облусунда – 4, Бишкек шаарында – 59, Нарын облусунда – 25, Ысык-Көл облусунда – 6 кишиден коронавирус табылган.

54 адам айыкты. Беш адам каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын 201и аялдар, 176сы эркектер.

COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жаш курагы:

15 жашка толо электердин саны - 38;

16-19 жаштагылар - 12;

20-35 жаштагылар - 90;

36-55 жаштагылардын саны - 141;

56 жана андан улуулардын саны - 96.

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттен кошумча бөлүнгөн 340 млн. сомдун 183 млн. сому коронавируска каршы күрөшүүгө сарпталганын айтты.

Маалымат боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 173. млн сом, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 3 млн. сомдон ашык акча, Тышкы иштер министрлигине 769 миң сом, Транспорт жана жолдор министрлигине 94,5 миң сом берилди.

Калган 116,6 млн. сом жогоруда айтылган министрликтер менен мекемелерге бөлүштүрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын бөлүнгөн 40 млн. сом да колдонулуп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Куржундар
XS
SM
MD
LG