Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканадан жекшемби күнү чыкты. Бул тууралуу «SkyNews» басылмасы өкмөт башчынын өкүлүнө шилтеме берип жазды. Маалымат боюнча Жонсон дарыгерлердин чечимине ылайык азырынча жумушуна кайта албайт.
«Би-би-си» Британиянын премьер-министри өзүнүн Чеккерс резиденциясында болорун кабарлады.
Британ өкмөт башчысы коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. 6-апрелде ал Лондондогу «Сент Томас» ооруканасына жаткырылып, эртеси күнү реанимацияга которулуп, дем алдыруучу аппаратты да колдоно баштаган. 9-апрелде реанимация бөлүмүнөн кайра кадимки палатага которулган.
Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин Падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри болуп иштеген.