Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Новосибирскиден үч кыргызстандыктын сөөгү мекенине жиберилди


Орусиянын аэропортторунда мекенге кайтууну күтүп турган мигранттар. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын аэропортторунда мекенге кайтууну күтүп турган мигранттар. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Маркумдардын сөөгү автоунаа менен Казакстандын аймагы аркылуу 11-апрелде жиберилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта маркумдардын тек-жайы толук айтылган эмес. Сөөктөрдү жөнөтүү Кыргызстандын Новосибирскидеги Башкы консулдугу жана аймактагы диаспора мүчөлөрүнүн жардамы менен жиберилген.

Новосибирск шаарында башкы консулдукка жарандар +79607812324 телефон номери аркылуу жана konsulsib.kg@mail.ru электрондук дареги аркылуу кайрылса болот.

Өткөн аптадан бери Новосибирск шаарындагы аэропортто Кыргызстанга 136 адам уча албай турат. Бийлик жакын арада Кыргызстанга авиакаттамдар болбой турганын билдирүүдө.

Пандемияга байланыштуу Орусияда киргизилген жоболорго ылайык, 31-марттан тартып Новосибирск облусунда адамдардын көчөгө чыгышына убактылуу тыюу салынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG