Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

«Чек арасыз кабарчылар» тажик бийлигин журналистти бошотууга чакырды


Журналист Далер Шарифов.
Журналист Далер Шарифов.

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму тажик бийлигин камактагы журналист Далер Шарифовду токтоосуз түрмөдөн бошотууга чакырды. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм журналистке коюлуп жаткан экстремизм боюнча айыпты «акылга сыйбайт» деп баалады. 13-апрелде Шарифовдун иши боюнча соттук териштирүү башталды.

Журналист январь айынын соңунда Тажикстандагы парламенттик шайлоону утурлай камалган. «Чек арасыз кабарчылар» муну бийликти сындаган журналисттерге «эскертүү» деп баалайт. Шарифов коңшу өлкөнүн ички саясаты тууралуу жазып, диний темаларды да көтөрүп жүргөн. Ага «улут аралык жана диний негизде козутууга барган», өлкөдө 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын атынан «үгүт жүргүзгөн» деген айып коюлган.

Эгер сот журналистти күнөөлүү деп тапса, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG