Күн тартибинде азык-түлүк коопсуздугу, COVID-19 вирусуна каршы туруу боюнча иштерге тартылган кызматкерлерге көрүлгөн камкордук, кенемте төлөө, чет жакта калган кыргызстандыктарды алып келүү иштери жана өзгөчө абал режиминде Бишкекте айрым ишкерликтин түрлөрүнө чектөөлөрдү жумшартуу маселеси бар.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү маалымат берүүдө.