Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

COVID-19: Депутаттар өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңештин эки комитети жазгы айдап себүү иштери жана коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Депутат Каныбек Иманалиев: Мигранттарга үч жооптун бирин гана беришибиз керек. Биринчиси – ооба, силерди алып келебиз. Экинчиси – жок, алып келе албайбыз. Үчүнчүсү – кечирип койгула, алып келе албайбыз, эмне болсоңор ошол болгула. Болду, башка жооп жок. Мигранттар 30 жылдан бери биринчи жолу өкмөткө кайрылып, “акчасын төлөп берели, бирок мекенибизге кайтаргыла” деп суранып жатат.

Депутат Наталья Никитенко: Чет өлкөлөрдө калган мигранттарды алып келүү маселесин чечиш керек. Алар бизден конкреттүү жооп күтүүдө. Эгерде мигранттарды Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн болбой жатса, анда так жооп бериш керек. Түркияда вирус кенен жайылууда. Бул жагдай мекендештерибизди тынчсыздандырууда. Эмне үчүн чартердик рейсти уюштурууга болбойт? Казакстан Тайланддан өз жарандарын алып кетүүдө. Өзүңөр билгендей, Москвада калган мигранттардын маселеси өтө оор. Албетте диаспоралар, мекендештер аларга жардам берүүдө, бирок алардын да акчасы түгөнүп баратат.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Депутат Мирлан Жээнчороев: Коом алдында кечирим суратуу – бул мыйзамсыз. Айрымдар өзүнүн билим деңгээлине жараша сүйлөй берет. Аларды мыйзам түрүндө тарбиялаш керек. Кечээ постто турган милиция кызматкерлери бир кызды видеого тартып чыгарышты. Дарыгерлер ыза болуп турганда аларды кечирим суратканыңарды да токтоткула. Бул – ыйгарым укуктардан аша чабуу. “Ушундай видеону чыгаргандар жоопко тартылат” деп жарыялагыла. Мындай практиканы токтоткула. Ошондой эле дарыгерлер ооруну кантип жуктурду деп териштиргенди, аларды кемсинткенди да токтоткула. Дарыгер оору калдыбы – ошол замат кенемтени төлөп бергиле. Жада калса, кенемтенин суммасын да көбөйтүш керек.

Депутат Мирлан Жээнчороев: Ишсиз калган 17 миң киши көчөгө чыкса, милиция аларды токтото албайт. Эл ачка болсо, милиция да ачка калат. Жумуш орундарын 70-80 пайызга чейин сактап калган ишканаларды 31-декабрга чейин салыктан бошотуу зарыл. Агрокредиттер аманатсыз бериле башташы керек. Эл талаа иштери менен алек болууга тийиш. Күзүндө эл эмне менен оокат кылат?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG