Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Коронавирус жуккан дарыгерлердин эң көбү Бишкекте


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 98 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын эң көбү Бишкек шаарында.

Баш калаада бул илдетке чалдыккан кызматкерлердин саны бүгүнкү күндө 33 адам экени расмий айтылды.

Мындан тышкары Ош шаарында 28, Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда сегиз, Нарын облусунда алты, Баткен облусунда эки жана Чүй облусунда бир кызматкер илдетке чалдыккан.

98 кызматкердин арасынан 27си дарыгер. Медициналык орто персонал – 43, кенже персонал – 23, саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери – 5 адам.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай көрүнүштү COVID-19 инфекциясынын жугуу деӊгээли өтө жогору экендигине байланыштырууда.

Журналисттердин бул суроосуна жооп берип жатып министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-апрелде «эпидемиологдордун катышуусу менен кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканын» айтты.

«Азаттык» менен байланышка чыккан дарыгерлер илдетти жумуш ордунан жуктуруп алганын, аларга коргонуу чаралары айтылбаганын билдиришкен.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов оору жуккан дарыгерлер тууралуу сөзү үчүн кечирим сураган.

Жалпысынан, 15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 449 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапкан, 78 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG