Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:19

Орозалиев: Коменданттык саат кыскарганы менен чектөө улана берет


Алмазбек Орозалиев.

Бишкек шаарында коменданттык саат мөөнөтү кыскарганы менен коронавирустун алдын алыш үчүн чектөөлөр мурдагыдай тартипте улана берет.

15-апрелде баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, талаптар ошо бойдон калды, аларды бузгандарга чара көрүлөт.

«Ошентсе да карантиндин талаптарын сактоо жана коменданттык саат убагында тартип бузууга жол бербөө максатында катуу чаралар көрүлөт. Өзгөчө абалдын узартылышына байланыштуу инфекцияга каршы күрөшүү боюнча бардык эскертүү иш-чаралары мурунку калыбында улана берет. Шаардын чет-жакасына чейин көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери жүрө берет».

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска каршы өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды.

Бишкекте 25-марттан бери кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат болуп жаткан, 15-апрелден тартып анын мөөнөтү эки саатка кыскарып, кечки 9дан таңкы 6га чейин деп өзгөртүлдү. Бул аралыкта көчөдө адамдардын да, машинелердин да жүрүшүнө уруксат жок. Ал эми күндүз адамдар дүкөнгө, дарыканага жана медицина мекемесине гана бара алат. Башка зарылчылык болсо комендатурудан уруксат алуу зарыл.

Коменданттык саат киргизилгени шаардагы дээрлик бардык ишкана-мекемелердин ишине тыюу салынып, үч кишиден көп топтолсо айыппул салынары эскертилген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG