Кыргызстандык ишкерлер мындан ары "6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ БН" коду аркылуу классификацияланган коргоочу беткаптарды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду ЕАЭБ аймагына экспорттой алышат. Ал үчүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин расмий күбөлүгү жана товардын Кыргызстанда өндүрүлгөндүгү тууралуу сертификаты болууга тийиш. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат бөлүмү “Азаттыкка” кабарлады.
Экспортко кыргыз өкмөтүнүн 15-апрелде чыгарган токтомуна ылайык уруксат берилди.
Бул 14-апрелде онлайн конференция форматында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынындагы макулдашууга ылайык жана жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында ишке ашууда. 14-апрелдеги жыйында товарларды, анын ичинде социалдык жактан маанилүү өнүмдөрдү, тамак-аш азыктарын, медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди, медициналык коргонуу каражаттарын эркин сатуу принциптерин сактоо зарылдыгы белгиленген болчу.
Коронавирустун алдын алуу жана анын жайылып кетишине жол бербөө максатында Кыргызстанда 3-февралдан тартып беткаптарды экспорттоого тыюу салынган. Ал эми дарыканаларда бир кишинин колуна бештен ашык беткап сатпоо жана анын баасын 10 сомдон ашырбоо тууралуу талаптар киргизилген. (ZKo)