Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу 17-апрелде Улуттук статистика комитети билдирди.

Каттоо быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин өткөрүлмөк. Бирок COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу аны 20-апрелден 29-апрелге чейин өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын 1-мартында Кыргызстанда элдин жалпы саны 6 миллион 542 миң адамга жетти. Быйыл жыл башынан бери 18,5 миңден ашуун бала жарык дүйнөгө келди. (RK)

XS
SM
MD
LG