Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

COVID-19: Жээнбеков элдин пикирин эске алып, кемчиликти жоюу керектигин айтты


Жолугушуудан тартылган сүрөт.
Жолугушуудан тартылган сүрөт.

Медицина тармагындагы кемчиликтерди жоюуда элдин пикирин да эске алуу зарыл. Бул тууралуу 17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алганда айтты.

Жолугушууда коронавирустун мындан ары жайылуусуна жол бербөө, эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын муктаж катмарын колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Президенттин басма сөз кызматы Жээнбеков “Учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин билдирди. Коомчулуктун жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен бул системадагы кемчиликтердин баарын ыкчам жоюу зарылдыгын баса белгиледи” деп кабарлады.

18-марттан 17-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 489 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты. Айыгып чыккандардын саны 114 адам.

Өкмөттүн илдетке каршы күрөшү айрым талдоочулардын сынына кабылууда. Оору жуккан кээ бир дарыгерлер коргонуу чаралары камсыз болбогонун, милиция да аянычтуу абалда иштеп жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG