Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

УКМК: Атамбаев күнү-түнү дарыгердин көзөмөлүндө


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык абалда. Бул тууралуу 17-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал күнү-түнү медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Атайын кызмат «азыркы тапта ал эч нерсеге даттанган жок» деп билдирди.

Кийинки күндөрү Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө тарап, талкууланып жаткан.

23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму Атамбаев өзүн начар сезгендиктен улантылбай, башка күнгө которулган, ошондон бери карантинге байланыштуу сот боло элек. Жактоочулар УКМКнын тергөө абагында отурган Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кеткенин жана муну тергөө абагынын дарыгери да тастыктаганын айтышкан.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Жактоочулар жана Атамбаевдин тарапкерлери ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG