Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:57

АКШ конгрессмендери тажик лидерин «Озодиге» кысымды токтотууга үндөштү


«Азаттык» радиосунун тажик кызматынын журналисти Сарвиноз Рухуллон.

АКШ Конгрессиндеги эки партиянын мүчөлөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы - "Озоди" радиосунун журналисттерин «коркутууну» жана башка тоскоолдуктарды токтотууга чакырган кат жазышты.

Мыйзам чыгаруучулар тажик бийлигин журналисттердин өз ишмердигин «токтоосуз улантуусуна» уруксат берүүгө үндөшөт.

16-апрелде жазылган катка Калифорниядан шайланган демократ- конгрессмен Адам Шифф жана Огайо штатынын республикачыл мыйзамчысы Стив Шабо кол койгон. Эки конгрессмен былтыр октябрь айында тажик бийлигине кат жазышкан.

Конгрессмендер «Озоди» радиосунун тажик кызматынын журналисттери кабылган жаңы коркутуу фактылары тууралуу маалымат алышкан. Алар тажик бийлиги «Озодинин» журналисттеринин аккредитациясын эрежеге ылайык бир жылга эмес, негизсиз кыска мөөнөткө узартып жана айрым журналисттерди «текшерүүгө» алышканына камтамачылык билдиришкен.

Эки конгрессмен «глобалдык пандемиянын маалында кризис жана аныксыздык күчөп турганда ишенимдүү, тастыкталган, көз каранды эмес маалымат булактары өтө маанилүү», деп белгилешкен.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар тажик бийлиги эл аралык радионун Дүйшөмбүдөгү бюро башчысынын жана администраторунун аккредитациясын «кароого» калтырып койгону «чочулаткан кабар» экенин белгилешкен.

17-апрелде тажик президентинин администрациясы Вашингтондон келген катты алган-албаганы тууралуу кабар тараткан жок.

XS
SM
MD
LG