Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Бишкек шаарынын, Аламүдүн районунун үй-бүлөлүк дарыгерлери коомчулукка кайрылышты


 Жалал-Абад облустук аймактык ооруканасы. 18-апрель, 2020-жыл.
Жалал-Абад облустук аймактык ооруканасы. 18-апрель, 2020-жыл.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун дарыгерлеринин атынан жарыяланган кайрылууда өкмөттү коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан оор кырдаалда үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлерине көңүл бурууга чакырык ташталган. Дарыгерлер айлык акы төлөөдөгү атайын индикаторлорду жокко чыгарууну, эмгек акынын базалык деңгээлин көтөрүүнү суранышкан.

Мындан тышкары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан кызматкерлерине үч айлык акы өлчөмүндө шыктандыруучу акы төлөп берүү, үй-бүлөлөрүн азык-түлүк менен толук камсыз кылуу жөнүндө сунуштар айтылган.

Кайрылуу ээлери буга чейин коронавируска каршы күрөшүп, күнү-түнү үйүнө барбай иштеп, андан кийин эки жумалык карантинге алынган кызматкерлердин үй-бүлөсүнө 5 кило ун, 1 куту чай, 2 литр май, 2 кило кумшекер гана берилгенин белгилеп, «Медициналык кызматкерлерге берилип жаткан калган азык-түлүк качан берилет?» деп суроо узатышкан.

«Коронавируска каршы күрөшүү үчүн биринчилерден болуп, болгону утурумдук беткабын тагынып, халатын кийип алып, илдетке чалдыккан оорулуулар менен бетме-бет иштеген үй-бүлөлүк дарыгерлерге да кошумча акы төлөп берүүнү талап кылабыз. Анткени оор, кооптуу иштин баары бизге жүктөлүп, оорулуу адамдардын тамагынан, мурдунан, оозунан анализ алуу иштерин биз жүргүздүк. Ал эми талаптагыдай коргонуучу каражаттар менен камсыздалган, борбордон келген эпидемиолог, вирусолог, инфекционист адистер анализдерди алууну, документтерди жазууну бизге буйруп жатышты. Эми акча төлөөгө келгенде аларга берилет, ал эми иштин баарын аткарган, өмүрүн тобокелчиликке салган кызматкерлер көңүлдөн тыш кала береби?» - деп суроо коюшкан алар.

Кайрылууда дарыгерлер ай сайын 30 миң сомдон кем эмес өлчөмдө компенсация төлөп берүүнү талап кылышкан.

Мындан тышкары медициналык кызматкерлердин иммунитетин бекемдеш үчүн атайын эсепке демөөрчүлөрдөн түшүп жаткан акчадан каражат бөлүп берүү тууралуу талап коюлган. Кайрылуу жазгандар коронавируска каршы алдыңкы катарда иштеген медициналык кызматкерлерге социалдык турак жай, жеткиликтүү ипотекалык жол менен үй берүү жагы каралышын суранышкан.

Кайрылуу ээлери бул маселелердин чечилишине таасир этүүнү жарандык коомдон да өтүнүп, атайын эсептерге саламаттык сактоо кызматкерлерин колдош үчүн түшүп жаткан каражаттын сарпталышына да көзөмөл кылууну суранышкан.

Медициналык кызматкерлердин коомчулукка кайрылуусун саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт Елена Баялинова өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Эксперт кайрылуу медициналык кызматкерлердин өтүнүчүнө ылайык жарыяланганын билдирди.

Буга чейин кыргыз өкмөтү коронавируска чалдыккан адамдардын саламаттыгын сактоо багытында түздөн-түз иштеп жүрүп илдет жугузган медицина кызматкерлерине компенсация төлөнөрүн билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG