Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Иран космоско жандооч чыгарганын жарыялады


Ирандын жандоочу учуруучу түзүлүшү.
Ирандын жандоочу учуруучу түзүлүшү.

Иран 22-апрелде космоско учурган жандоочу көздөгөн мейкиндикке ийгиликтүү жеткенин жарыялады. Аны өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн тандалма бөлүмү ишке ашырган.

«Бул жандооч Жерден 425 чакырым ыраактагы орбитага чыгарылды. «Noor» - Ислам революциясынын сакчылар корпусу космос мейкиндигине коё берген алгачкы аскердик жандооч», деп кабарлады мамлекеттик IRINN телеканалы.

Кыргызча «Нур» деп которулган жандоочтун учурулганын Тегеран бийлигине көз каранды эмес булактар азырынча ырастай элек.

Акыркы айларда Ирандын бир нече жолку жандооч учуруу аракеттери майнапсыз аяктаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Пентагон Иран жасалма жандооч учуруу менен өзүнүн баллистикалык программасын өнүктүрүп жатканын билдирди.

Жыл башында Ирандын таасирдүү командири Касем Сулейманини америкалык пилотсуз учактар өлтүргөндөн кийин Тегеран менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөгөн.

XS
SM
MD
LG