№1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчылар колонияга которулмай болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 22-апрелде «Азаттыкка» билдиргендей, Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияда, Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияда жазасын өтөйт. Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияга бөлүштүрүлдү.
ЖАМКтын атайын комиссиясынын Бишкектин №1 тергөө абагындагы жыйыны 22-апрелде өттү. Анда жалпысынан 86 адамды бөлүштүрүү маселеси каралды.
2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деп Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Авазов 11 жыл 3 айга, Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.
Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн күчүндө калтырган.
Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып келишет.
22-апрелде Исаковдун адвокаттары аны колонияга которуу мыйзамсыз экенин билдирип чыгышты. Муну ага карата козголгон дагы бир иш боюнча өкүм чыга элек экендиги менен негиздешти. (RK)