Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөсүндө коронавирус таралуу ылдамдыгы азайганын белгилеп, май айы бүтүп баратканда көндүм турмуш башталарын билдирди.
«Рамазан айында да эрежелерди болушунча сактаганга аракет кылабыз. Кудай буюрса, өлкөбүздү майрамдан кийин кадимки турмушка кайтарууну максат кылып атабыз», - деди Эрдоган 21-апрелдеги видеожыйын учурунда.
22-апрелдеги маалыматка ылайык, Түркияда коронавирус жукканы аныкталгандар 95 миңден ашты. Анын ичинен 2140 адам көз жумду. 15 миңи айыгып чыкты.
Бейшембиден тартып 31 шаарда төрт күндүк коменданттык саат киргизилип, элдин көчөгө чыгышына тыюу салынганы жатат. Мындай чара апрель айында эки ирет колдонулган.
Мусулмандардын ыйык Орозо айы 23-апрелде башталып, 23-майда жыйынтыкталат.