Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Трамп иммиграциялык визаны чектеген буйрукка кол койду


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Президент Дональд Трамп айрым иммигранттардын АКШда отурукташуусун убактылуу чектеген буйрукка кол койду. Ага ылайык, чет өлкөлүктөргө Кошмо Штаттарда туруктуу жашоого мүмкүнчүлүк түзгөн грин-карталарды берүү жараяны 60 күнгө токтотулат. Бул мөөнөт андан ары узартылышы мүмкүн. Бирок соңку буйрук АКШга убактылуу келип кетүүнү көздөгөндөргө таасирин тийгизбейт.

Трамп мындай чара өлкө экономикасы коронавирустан жабыркап жаткан шартта америкалыктардын жумуш орундарын сактап калууну максат кыларын айтты. Бирок мигранттардын укуктарын коргоочу уюмдар бул чечимди айыптап чыгышты.

Дональд Трамптын администрациясы 2017-жылдан бери чет өлкөлүк мигранттардын Кошмо Штаттарга келип, отурукташуусун чектеген бир нече чечимдерди кабыл алды. 31-январда АКШ иммиграциялык чектөө киргизген мамлекеттердин тизмесин кеңейтип, ага Кыргызстанды да кошкон.

XS
SM
MD
LG