Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Түркиядан учуп келгендер үч обсервациялык жайга жайгаштырылууда


«Манас» аэропорту. 24-апрель, 2020-жыл.
«Манас» аэропорту. 24-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстандык 349 жаран 24-апрелде Түркиядан Бишкекке чартердик каттам менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдүн саны 351 адам, алардын үчөө балдар экенин, бардыгы авиакаттам токтогондон бери учак күтүп жаткан кыргыз жарандары экенин билдирди.

Кыргызстандыктарды алып келген «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна чак түштө конду.

Келгендерди коронавируска каршы штаб Бишкектин үч жеринде даярдалган обсервациялык жайларга жайгаштырмай болуп жатат.

Буга чейин Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и Бишкекке 17-апрелде учуп келген.

Жалпысынан өкмөт дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталганы чек аралар жабылып калгандан кийин чет жакта калган 6 миңдей кыргыз жаранын алып келгенин, дагы 4 миңдейи мекенине кайтууга жардам сурап жатканын, алардын көбү Орусияда экенин 15-апрелде билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG