Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Саакашвили Украинанын вице-премьери болууга макулдук берди


Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинанын реформаларга жооптуу вице-премьери болууга макулдугун берди. Бул тууралуу саясатчы 24-апрелде украин президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынын мүчөлөрү менен жолугаар алдында журналисттерге айтканын украин жана орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Саакашвили кызматка келип калса, реформа маселелеринен тышкары Эл аралык Валюта Фонду менен байланышка жооптуу болорун белгиледи.

«Биз украин экономикасын сакташ үчүн гана эмес, украин үй-бүлөсүнө урулган соккуну болушунча азайтыш үчүн адаттан тыш чечимдерди табышыбыз керек», - деди Саакашвили.

Президент Зеленский 52 жаштагы Саакашвилиге вице-премьерлик кызмат сунуш кылганы эки күн мурда белгилүү болгон. Ал кызматка кириши үчүн Жогорку Раданын колдоосуна ээ болушу керек.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко кызматта турган кезинде Саакашвилиге украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган.

2017-жылы Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.

XS
SM
MD
LG