Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Тбилиси Саакашвилини Украинада вице-премьерликке дайындоого каршы чыкты


Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария жана Михаил Саакашвили.
Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария жана Михаил Саакашвили.

Грузиянын өкмөтү Михаил Саакашвили Украинанын вице-премьер кызматына сунушталганына нааразылыгын билдирди. Расмий Тбилиси бул Грузия менен Украинанын алакасына терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

24-апрелде Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария өз өлкөсүндө кызматынан аша чапкан деп соттолуп, издөө жарыяланган кишинин Украинада чоң кызматка дайындалышы «такыр акылга сыйбайт» деп билдирди. «Эгерде мындай чечим кабыл алынса, биз жок эле дегенде Киевдеги элчибизди кеңешүү үчүн чакыртып алабыз», - деди Гахария.

Ал эми украин президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынын мүчөлөрү Саакашвилини вице-премьерликке дайындоо маселесинде экиге бөлүндү.

Президент Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге вице-премьерлик кызмат сунуш кылганы 22-апрелде белгилүү болгон. Ал бул кызматка бурууга макулдугун берди. Кызматка кириши үчүн эми Жогорку Раданын колдоосуна ээ болушу керек.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко кызматта турган кезинде Саакашвилиге украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган.

2017-жылы Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.

XS
SM
MD
LG