Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Дүйнөлүк лидерлер COVID-19 менен күрөшкө каражат чогултууну макулдашты


Еврокомияссынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, 2-апрель, 2020.
Еврокомияссынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, 2-апрель, 2020.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Түштүк Африка Республикасынын лидери Сирил Рамафоса жана башка лидерлер жума күнү коронавирус пандемиясына каршы күрөштүү күчөтүүнү талкуулаган видео конференцияга катышты.

Өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин дарылоо үчүн эффективдүү жана адамдын организмине коопсуз дары-дармекти, ага чалдыккандарды аныктоо үчүн тесттерди жана вакцинаны чыгарууну тездетүү демилгеси колдоого алынды.

Конференцияга катышкандар бай жана жакыр жашагандар коронавирустун жайылышынын алдын-алууда жана дарылоодо бирдей мүмкүнчүлккө ээ болушу зарыл экенин белгилешти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус «Биз жалпы коркунучка туш келдик, биргелешип гана аны жеңе алабыз» деди. Ал белгилегендей, дары-дармек болсо дагы элдин бардык катмарына тийбей жатат. “Биз мындайга жол бербешибиз керек”, – деди Гебреисус.

Еврокомияссынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дүйнөлүк лидерлердин алдында 7.5 милилард евро топтоо милдети турганын билдирди. Бул каражат глобалдык алакакта коронавирустан коргонуу каражаттарына, жаңы вирусту аныктоого жана аны жуктуруп алган бейтаптарды дарылоого жумшалмакчы.

XS
SM
MD
LG