Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Тажикстанда мектептер менен бала бакчалар каникулга жабылды


Рудаки районундагы №7 мектеп.

Тажикстандын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринде 27-апрелден 10-майга чейин коронавирустун жайылуу коркунучунан улам каникул жарыяланды.

Коңшу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, мындай чечим COVID-19 илдетинин жайылышын алдын-алуу үчүн түзүлгөн республикалык штабдын жыйынында кабыл алынган.

«Элдин саламаттыгын, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдүн жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү, баштапкы жана орто кесиптик билим берген мекемелерде 2020-жылдын 27-апрелинен 10-майга чейин чукул каникул жарыяланды» - деп айтылат.

Тажикстанда расмий маалыматка караганда, 662 мектепке чейинки билим берген жайларда 102 миң бала тарбияланат. Жалпы билим берүүчү мектептерде 2 миллион 400 миң окуучу жана 124 миң мугалим бар.

Ал эми жогорку окуу жайларда билим берүү процесси кадимки ыргакта уланып жатат.

Бүгүнкү күндө Тажиктанда коронавирустун лабораториялык шартта далилденген учуру катталган эмес. Ошол эле маалда өпкөсү сезгенип, кургак учуктан бир нече кишинин каза тапканы, маркумдар жабык табытта жерге берилип, алардын жакындары карантинге алынып жатканы сыяктуу кабарлар чыгып жатат.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG