Быйылкы «Медиа топтоо – 2020» индустриалдык форумунда Кыргызстанда өзгөчө абал режиминде жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөө журналисттердин жумушун бир топ эле аксатканы айтылды.
"24.kg" сайтынын редактору Махинур Ниязова Бишкектин комендатурасы башта медианын ишине уруксат берип, кийин белгисиз себептер менен аккредитациядан өткөрүүдөн баш тартканын билдирди.
«Кесиптештер калп айттырбаса керек, брифингде министр чыгып эле сүйлөп коёт. Тактоочу суроолорду бере албайсың. Бүгүн бир санды айтса эртең дагы башка санды айтат. Үчүнчү күнү кайра башка цифра. Мисалы, азыркыга чейин канча гуманитардык жардам чогулду, штаб аны кандай бөлүштүрдү ушул күнгө чейин так маалымат ала элекпиз», - деди Ниязова.
Ал эми «Kloop.kg» сайтынын редактору Бектур Искендер медианын иши чектелгени тууралуу буларды айтты.
«Иликтөөчү журналисттер психологиялык жактан да басымга кабылды. Эгерде сен үйдө камалып жатсаң реалдуу турмуштан обочо болуп, чыныгы абалды билбейсиң да».
«Медиа топтоо – 2020» III индустриалдык форуму коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл биринчи жолу онлайн-форматта өтүп жатат. Форум 25-29-апрель күндөрү саат 15:00-18:00 аралыгында Zoom платформасында болот.
Бул жылы «Медиа топтоо» форумунда Кыргызстандагы медианын абалы жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын пандемия учурундагы мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда. Анда өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, редактор өзгөчө абалда иштөө шарттары боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.
Өзгөчө абалга байланыштуу Кыргызстанда бир катар мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн.
Журналисттердин ишинин чектелиши депутаттардын, эл аралык уюмдардын жана медиа эксперттердин сынына кабылган. (BTo)