“Талибан” кыймылы ооган өкмөтүнүн орозо айында ок атышууну токтотуу сунушун “максатка ылайыктуу эмес” деп четке какты.
Ооган президенти Ашраф Гани мындай сунушту 23-апрелде орозонун алдында ооган эли коронавирус менен кармашып жаткан маалда жасаган.
"Талибандын” басма сөз катчысы Сухаил Шахил ооган өкмөтү менен тынчтык келишиминин шарттары тууралуу пикир келишпестиктен жана түрмөдөгүлөрдү алмашуу процесси кечеңдеп жаткандыктан ок атышуу улана берерин айтты.
НАТО “Талибанды” айыптап, “талибдер көрсөтүп жаткан зордук-зомбулук эч бир келишкис” экенин билдирди. Түндүк Атлантикалык альянс куралдуу топту тынчтык сүйлөшүүсүнө катышып, туткун алмашууну тездетүүгө чакырды.
Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5000 талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы 1000 кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.
Андан бери ооган өкмөтү "Taлибандын" 550 мүчөсүн түрмөдөн чыгарса, куралдуу топ улуттук коопсуздук күчтөрүнүн 60 кызматкерин туткундан бошотту.