Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Чет өлкөдөн диний билим алуунун жол-жобосу өзгөртүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан чет жактан диний билим алууну жөнгө салуучу мыйзамдарын кайра карап чыгат. Бул тууралуу 27-апрелде “Жарандык жана диний аң-сезим: Кыргызстандын тажрыйбасы” деген онлайн талкуу учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди.

“Коронавируска байланыштуу түзүлгөн абалдан улам дин эркиндигин чектөө болушу ыктымалбы?” деген маселенин тегерегинде пикирин билдирип, коопсуздук максатында Кыргызстан гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү чара көрүп жатканын белгиледи:

“Дин эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзамдар бар. Ошол мыйзамдарга жана Конституцияга ылайык иш алып барабыз. Катуу чектөөлөр болбойт. Бирок жаңы пайда болгон коркунучтардан улам мыйзамдарга, сыягы, өзгөртүүлөр болот. Бизге биринчи кезекте жарандарыбыздын жана мамлекетибиздин коопсуздугу маанилүү”.

Эргешов чет мамлекеттен диний билим алууга байланыштуу жобо иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

“Жарандык жана диний аң-сезим: Кыргызстандын тажрыйбасы” талкуусун “Belief.cabar.asia” онлайн платформасы уюштурду. Ага укук коргоочу, дин таануучу адистер катышты.

Эксперттер коронавирус пандемиясы дүйнөнүн өнүгүүсүнө өзгөртүү киргизгенин, ал эми Кыргызстанда “ооруну умрага баргандар, дааватчылар” жайылтты деген көз карашты калыптандырганын, мындай пикирлер ар кандай басмырлоого негиз болуп жатканын белгилешти.

27-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 695 адам болду, алардын сегизи каза тапты. 395 бейтап айыгып чыкты.

Илдет жуккан алгачкы кыргызстандыктар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер болчу. Кийин Индиядан, Пакистандан дааваттан кайткандар арасынан да коронавирус табылган.

Муфтият "бул оору дааватчылардан, умрачылардан тарады” деген сөздөрдү басынтуу деп баалаган жана даават саясатын өзгөртөрүн жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG