Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Экс-мэр Мырзакматовдун соту 6-майга которулду


Мелис Мырзакматов. Архивдик сүрөт.
Мелис Мырзакматов. Архивдик сүрөт.

Жогорку сотто Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун иши кайрадан башка күнгө которулду. 27-апрелде мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлагандай, адвокат ден соолугуна байланыштуу отурумга келбей калгандыктан сот 6-майга калды.

Мелис Мырзакматовго 2014-жылы ноябрда кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага «Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген» деген айып коюлган.

2015-жылы Ош шаардык соту өлкөдөн чыгып кеткен Мырзакматовду сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Облустук сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Быйыл январь айында адвокаттары Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылып, Мырзакматовдун күнөөсү жок экенин билдиришкен жана өкүмдөрдү жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Буга чейинки да бир нече отурум болбой калган. (RK)

XS
SM
MD
LG