Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Орусияда Путинге болгон ишеним эң төмөнкү чекке жетти


Орус президенти Владимир Путин.

Орусияда коомдук маанайды изилдөөчү ВЦИОМ борборунун сурамжылоосу март айында Владимир Путинге болгон элдин ишеними акыркы 14 жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшкөнүн көрсөттү. Сурамжылоого катышкандардын 28,3% гана саясатчыга ишеним артарын айтышкан.

Буга чейин ВЦИОМ борбору респонденттерге эч кимдин атын атабай «Кайсы саясатчыга ишенесиз?» деген суроону беришчү. Сурамжылоого катышкандар саясатчынын ысымын өздөрү аташы керек эле. Борбор мындай ыкманы 13 жылдан бери колдонуп келген.

2019-жылы сурамжылоодо «Владимир Путинге ишенесизби?» деген гана суроо берилгенде Орусиянын президенти Владимир Путинге болгон ишеним тарыхый эң төмөнкү чекти көрсөтүп 30,5% түзгөн.

«Левада борборунун» быйыл январдагы сурамжылоосу орусиялыктардын 35% президент Путинге ишенерин көрсөткөн. 2017-жылдын ноябрындагы сурамжылоодо элдин Путинге болгон ишеними 59% болчу.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG