Москва шаарынын жетекчилиги өпкөнү сезгенткен илдетти жугузуп алгандарды дарылаш үчүн 10 миң керебети бар убактылуу ооруканаларды даярдайт. Бул тууралуу мэр Сергей Собянин «Вконтакте» социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Мунун алдында айрым маалымат каражаттары убактылуу госпиталдар айрым коммерциялык объектилерде даярдаларын, алардын арасында ВДНХ, «Москва» соода-жармаңке комплекси өңдүү жайлар бар экенин жазышкан.
Орусияда коронавирус жугузуп алгандар 100 миңге жакындап калды, илдет 900дөн ашык адамдын өмүрүн кыйды. Ооруга кабылган жана көз жумган адамдардын теңи Москва шаарына туура келет.
Орусиянын президенти Владимир Путин 28-апрелде өлкөдө эс алуу күндөрүнүн мөөнөтүн дагы 11-майга чейин узарткан.
Бул өлкөдө коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өзгөчө абал же кырдаал жарыяланган эмес. Буга чейин «Медуза» жана «Ачык Медиа» сайттары президенттин администрациясындагы ишенимдүү булактарына таянып Путин катаал карантин чаралары анын эл арасындагы кадыр-баркын түшүрөт деп эсептей турганын жазган.