Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Кимсанов сабалганы тууралуу арызга Башкы прокуратурадан жооп боло элек


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбук» баракчасынан алынган.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбук» баракчасынан алынган.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун жактоочулары анын тергөө абагында сабалганы тууралуу арызына Башкы прокуратурадан жооп ала элек. Бул тууралуу 29-апрелде «Азаттыкка» адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Кимсановдун денесиндеги көгала тартылган сүрөт тиркелген арыз башкы көзөмөл органына 10-апрелде электрондук дарек аркылуу жөнөтүлгөн. Ал арыз кабыл алынганы тууралуу жооп келген.

Сүйүнбаева денедеги так көпкө кармалбай турганын белгилеп, абактагы ур-токмок тууралуу арыздар адатта дароо каралып, жообу берилиши керек экенин айтты:

«Эгер Кимсанов бүгүнкү күнгө чейин эч кандай медициналык күбөлөндүрүүдөн өтпөгөн болсо, анда натыйжасы жок. Себеби анын денесиндеги издер кетип деле калды. Башкы прокуратура азыр биздин арызды изилдеп, Кимсановду кароого жөнөтсө деле денесинде кандайдыр бир из калганына күмөнүбүз бар».

Адвокаттын айтымында, Кимсановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагынан тергөө абагына которулганда эле кооптонуу болгондуктан 31-мартта анын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты кескин четке каккан.

Кимсановдун аялы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

28-апрелде адвокат Сүйүнбаева «Фейсбуктагы» жеке баракчасына ЖАМКтын басма сөз кызматы аны калпка айыптап жатканын жазган жана мекеменин өзүн «калп айтууда» деп сындаган.

«Азаттык» радиосу ЖАМКтын маалымат кызматына комментарий сурап кайрылганда «Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагында сабалды» деген сөздөр негизсиз экенин далилдөөчү кагаздарды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Маалыматта «Кимсановдун түшүнүк каты бар. Мыйзамдуу карала турган болсо бардык кагаздарын көрсөтөбүз» деп айтылат.

Башкы прокуратура адвокаттын жогоруда айтканы боюнча комментарий даярдалып жатканын «Азаттыкка» кабарлады.

Кимсанов өзү токмоктоо тууралуу арыздын негизинде Орусиядан кармалып келген. Ал Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG