Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Өкмөт Жогорку Кеңеште маалымат берүүдө


Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга чогулуп, Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалды узартуу боюнча президенттин жарлыгын карап жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-апрелден бери коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал шартында өкмөт аткарган иштер тууралуу парламентте маалымат берип жатат.

Өкмөт башчы ал убактан бери өлкөдө коронавируска чалдыккан адамдардын саны азайганын белгиледи. Абылгазиев 746 бейтаптын 185и сырттан жуктуруп келгендер, ал эми алардан жуктуруп алгандардын саны жалпы оорулуулардын 75% түзөрүн маалымдады.

“29-январдан тартып үй карантинине 81 135 адам алынган. 52 738 адам үй карантининен чыгарылган. Өлкө боюнча 224 обсервациянын 104ү колдонулду. 10 миңден ашууну чыгып кетти. Бүгүнкү күнү 864 киши обсервацияда жатат. Коронавирус менен күрөшүүгө жетиштүү күч жана каражаттар тартылган. 3635 медициналык дарыгер коронавируска каршы күрөшүп, ооруканаларда иштеп жатышат. 103 мобилдик бригада, 9 лаборатория иштеп жатат”.

Абылгазиевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 615 блокпост бар. 535 санитардык карантиндик пост иштеп жатат, анын ичинен 115и санитардык курчоо посттору. Күч түзүмүнүн 10 миңден ашуун кызматкери коронавируска каршы күрөшкө тартылган.


Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG