Кыргыз өкмөтү Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга колдоо көрсөтүү максатында бөлгөн 10 миллион сомду бөлүштүрүү маселеси Москвада диаспора өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланды. Бул тууралуу 30-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Жолугушууда элчи Аликбек Жекшенкулов каражат азырынча коротула элек экенин билдирди.
Буга чейин муктаждарга таратылган азык-түлүк диаспоралык уюмдардан, элчиликтин кызматкерлеринен жана кайдыгер карабаган мекендештер менен демөөрчүлөрдөн түшкөн акчага сатылып алынганы, ошол эле каражаттан убактылуу жатакана, хостелдердин акысы төлөнүп жатканы белгилүү болду.
Мунун баары чогулган 1 миллион 300 миң рублдан каржыланганы, бул акча 1-майга чейин жетери айтылды.
Ал эми өкмөт бөлгөн 10 миллион сомдун сарпталышы ачык болушу үчүн курамына диаспора активисттери кирген комиссия түзүлдү.
Элчилик тараткан маалыматта жыйында диаспора өкүлдөрү мекендештерди чыдамдуу болууга, ал эми Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрү менен саясатчыларды жоопкерчиликтүү болууга чакырганы да айтылат:
«Тилекке каршы, ушундай оор мезгилде биздин айрым мекендештерибиз кыйынчылыкты көтөрө албай, жеңил болуп, эмоцияга, ар кандай чагымга алдырып, куру талаптарды коюп, тартипсиздигин көрсөтүүдө. Урматтуу туугандар, мындай терс жоруктарыбызды, чыдамсыздыкты, тартипсиздикти кескин түрдө токтотолу. Ошону менен бирге, урматтуу депутаттар, саясатчылар, аткаминерлер, мындай кыйын кырдаалда популизмге алдырбай, жөн эле баа бербестен, жоопкерчилик менен мамиле кылып, чет жердеги кыргызстандыктарга туура, такталган маалымат берсеңиздер деп чакырабыз».
Кайрылууга Орусиядагы кыргыз диаспоралык уюмдарынын 87 лидери жана активисти кол койгону айтылды.
Кыргызстан 21-апрелде Орусиядагы элчиликке 10 миллион сом, ал эми Бириккен Араб Эмираттарындагы консулдукка 5 миллион сом бөлгөн. Бул акча коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жашоосунан жана тамак-аштан кыйналган кыргызстандыктарга жардам берүүгө арналган.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен жардамга алган «пакетке» нааразы болгон мекендештин видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. (RK)