Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

Атамбаевди колдогон КСДП бийликке талап койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдирүү таратып, бийликтен «партияны бөлүп, мүчөлөрүн куугунтуктоону токтотууну» талап кылды.

30-апрелде жарыяланган кайрылууда карантин эрежелерине карабастан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков колонияга которулуп, анын коопсуздугуна коркунуч жаралганы үчүн, Кой-Таш окуясы боюнча сот шашылыш улана баштаганы үчүн жана ачык сын айткан депутат Рыскелди Момбековду каралоо үчүн жоопкерчилик азыркы бийликте экени айтылат.

Анда ошондой эле бийлик «Апрель ыңкылабынын айрым катышуучуларын пайдаланып «Айкөл Ала-Тоо», «Эр теги» уюмдарынын ортосуна ажырым салганы», «күчтүү жана позициясын бекем карманган мүчөлөрүн ыплас ыкма менен каралоо аркылуу КСДПны бөлүп-жарууга» аракет кылып жатканы белгиленди.

Партия депутат Курманкул Зулушевдин Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгесин азыркы бийликтин «жеке режимин сактап калуу» аракети деп баалап жатат.

Президенттик аппарат бул билдирүүгө байланыштуу пикирин азырынча билдире элек.

7-апрелде Апрель окуясынын 10 жылдыгына карата кайрылуусунда президент Сооронбай Жээнбеков революциянын максаттары толук ишке ашпай калганын, бирок бул окуя Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты болгонун айтып:

«Парламенттик демократияны орнотуш үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз. Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады. Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган. Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз», деген.

Президенттик башкаруу системасын сунуш кылган мыйзам долбоорунун автору Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, «артында президенттик аппарат турат» деген дооматтарды четке каккан.

КСДПнын мурдагы лидери Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2019-жылдын август айында ал «Коррупция» беренеси менен камакка алынган. КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Абдрахманов да бийлик менен байланышы жок экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG