Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Бишкек шаарынын бюджетине 1 млрд. сомдон ашык каражат түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов 30-апрелде брифингде айтты.
«Бишкекте 15 500 бизнестин иши токтогону шаардын бюджетинин киреше бөлүгүнө таасир берди. Ушул күнгө чейин борбор калаанын бюджети 450 млн. сом жоготту. Жыл аягына чейин бул сумма 1 млрд. сомдон ашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мэрия 2020-жылга карата бюджетин кайра караганы жатат», - деди Суракматов.
Быйыл Бишкек шаарынын бюджети 10 млрд. 98 млн. 148 миң сом деп бекитилген.
Ал эми өкмөттүн маалыматы боюнча, COVID-19 вирусунун кесепетинен жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшпөй калды.
Финансы министрлигинин алдын-ала божомолу боюнча быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 30 миллиард сомго чейин толбой калышы мүмкүн. (BTo)