Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Март айында оору очогунда 6036 медициналык кызматкер иштеген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Март айында Кыргызстанда коронавирустун очогунда 6036 медициналык кызматкер иштеген. Эми аларга төлөнө турган каражаттын суммасы 34,903 млн. сомду түздү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов бүгүн, 2-майда брифингде билдирди. Анын айтуусунда, коронавируска каршы күрөшүп иштеген ар бир медициналык кызматкерге тиешелүү өлчөмдө кошумча кенемте акы каралган.

“Карантиндик-казармалык шартта иштеген дарыгерлерге 2300 сом, медайымдарга 2000 сом, 1800 сом техникалык кызматкерлерге күнүнө төлөнөт. Булар эки жума иштеген соң обсервацияга жиберилет. Обсервацияда жаткан ар бир күнү үчүн 900 сомдон төлөнөт. Ал эми күн сайын ишке барып келип, оорунун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине иштеген саатына төлөнүп берилет. Догдурларга 100 сом, медайымдарга 90, техникалык кызматкерлерге 80 сомдон каралган. “Тез жардам” кызматында иштеген медициналык кызматкерлерге вирус жуккан ар бир оорулуу үчүн кошумча кенемте акы каралган. Ага ылайык, догдурлар 600 сом, медайымдар 500 сом, техникалык кызматкерлер 400 сом алышат”.

Атакуловдун маалыматына караганда, ар бир медициналык кызматкердин кенемте төлөмү анын коронавирус очогунда иштөө мөөнөтүнө жараша төлөнүп берилет.

2-майга карата Кыргызстанда коронавирус 769 адамдан аныкталды, алардын сегизи кайтыш болду, 527 бейтап сакайып кетти.

769 адамдын 200ү медицина кызматкери, алардын 114ү айыгып чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG