Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Бийликке журналисттерди колдоо боюнча антикризистик план сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын журналисттеринин көз каранды эмес бирлиги өлкөдөгү эркин Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) колдоо көрсөтүү боюнча антикризистик план иштеп чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна бирликтин төрагасы Азамат Касыбеков билдирди.

Салык боюнча сунуштар, экономикалык жана уюштуруу чаралары камтылган план президентке, өкмөткө жана парламентке жөнөтүлдү.

Касыбековдун айтымында, анда киреше салыгын чегербей туруу, жыл аягына чейин салык салбоо жана мекемелердин материалдарын “мамлекеттик буюртма” түрүндө жайгаштыруу сыяктуу сунуштар камтылды:

"Карантинге байланыштуу Жалпыга маалымдоо каражаттарында оор кырдаал түзүлдү. Көптөгөн көз каранды эмес ЖМКлар банкрот болуу коркунучуна кептелди. Кризис мамлекеттин маалымат коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет. Кыргызстандыктар колдонгон альтернативдүү маалымат булактары кыскаруу коркунучуна туш болду. Азыркы шартта элди маалымдоодо журналисттер чоң роль ойношту. Бийлик алардын жардамы менен кырдаалды көзөмөлгө алууга жетишти. Өлкө жетекчилиги дароо жооп берип, журналисттерге жардам бериши керек".

Касыбеков кошумчалагандай, кризиске каршы бул сыяктуу пландар Литва, Канада, Бельгия жана Италия мамлекеттеринде да кабыл алынып, ишке ашырылып жатат.

Журналисттер бирлигинин маалыматына караганда, коронавируска каршы чектөөлөрдөн улам Кыргызстанда редакциялардын 70% экономикалык кыйынчылыктарга туш болууда. Жарнамадан түшүп турчу киреше токтоп, өндүрүш кыскарды жана пландалган жаңы долбоорлор ишке ашпай турат. Кээ бир редакцияларда кызматкерлер иштен бошотулуп, айлык маяна кыскарды.

Коронавируска каршы чаралардын алкагында Кыргызстанда башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле ЖМКга да чектөө салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG