Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Балтика өлкөлөрү өз ара саякат үчүн чек арасын ачат


Эстониянын борбору Таллин шаары.

Латвиянын, Литванын жана Эстониянын премьер-министрлери 15-майдан тартып өз ара чек араларын ачып, саякатчылары үчүн каттамды жандандырууну макулдашты.

Бул пандемияга байланыштуу көпчүлүк мүчөлөрү чек араларын жаап алган Евробиримдиктеги алгачкы биргелешкен саякат аймагы болмокчу.

«Балтика боюндагы бардык үч өлкө коронавирустун таралышын жетиштүү ооздуктай алганына ынандык. Биз бири-бирибиздин саламаттык сактоо системабызга ишенебиз», деп Литванын өкмөт башчысы Саулюс Сквернялис 6-майда «Фейсбукка» жазды.

Ал эми башка өлкөдөн келгендер 14 күндүк элден обочолонуу режимин сакташы керек.

Чек араны башка да айрым дүйнө өлкөлөрү тандоо жолу менен ачып атышат. Австралия менен Жаңы Зеландия Тасман деңизи аркылуу саякат аймагын түзүүгө киришкен.

XS
SM
MD
LG