Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

«Онлайн университет» кесип тандоо тууралуу вебинар өткөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңыдан ачылып иштей баштаган «Онлайн университет» ата-энелердин жана мектеп окуучуларынын суроо-талабы боюнча «Бүтүрүүчүнүн көйгөйү: Кайда барам? Кайсы окууга тапшырам?» деген темада вебинар өткөрөт. Ага кесипке багыт берүү боюнча жергиликтүү эксперттер, чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерибиз жана ата-энелер катышат.

Онлайн университеттин демилге тобунун мүчөсү Мукарам Токтогулова: «Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн болочок кесибин тандоо маселелери түйшөлткөн жана кызыктырган бардык каалоочуларга вебинарыбыздын эшиги ачык. Профориентация - азыркы күндө өтө курч турган маселелердин бири. Аны чечиш үчүн алдыңкы тажрыйбалар тууралуу кенен маалымат алышыбыз керек», - деген оюн билдирди.

«Онлайн университеттин» курамына өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү тармагында иштеп жүргөн мекендештер жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдор кирди. Платформанын ишин негизинен Түркияда, Германияда, АКШда, Англияда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмираттарында жана башка өлкөлөрдө билим алып, иштеп жаткан кыргызстандыктар жүргүзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр киргизилип, башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле окуу жайлары да убактылуу жабылгандыктан иш аралыктан жүргүзүлүп жатат.

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталуу жана аны өткөрүү күндөрү жакында жарыяланды.

Өлкөдө 50 жогорку окуу жайы бар, алардын 31и мамлекеттик, 19у жеке менчик. (RK)

XS
SM
MD
LG