Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Атамбаевди колдогон КСДП Чүй милициясынын жообун «аянычтуу актануу» деп баалады


КСДПнын желектери.
КСДПнын желектери.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы Чүй милициясынын маалыматына жооп кайтарды. Катчылык тараткан билдирүүдө облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жообу «аянычтуу актануу» катары бааланып, КСДП социалдык түйүндөргө сүрөт жана видео менен жарыялаган отчётунун жанында «күлкү келтирерлик» экени айтылды:

«КСДПнын муктаж үй-бүлөлөргө жана милициянын катардагы кызматкерлерине колдоо көрсөтүү тууралуу кабары саясий көз карашына карабастан бардык күчтөрдүн башын бириктирүүгө багытталган кадам болчу».

7-майда Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев посттордо турган жергиликтүү тургундарга, милиция кызматкерлерине жардам бергенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

8-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы «мурдагы президенттин балдары Аламүдүн районундагы посттордо турган 200дөн ашык милицияны тамак жана суусундук менен камсыз кылды» деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар жана тамак-аш менен толук камсыз болгонун кабарлады. Милиция мурдагы президенттин балдары жеке коргонуучу каражаттарды жана ысык тамакты өз каалоосу менен чыккан элдик кошуундун өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга бергенин белгиледи.

КСДПнын мурдагы лидери Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2019-жылдын август айында ал «Коррупция» беренеси менен камакка алынган. КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG