Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Баткенде чек арада ок атылды


Баткенде чек арада ок атылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

8-майда саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек жерлигинде, кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Кыргызстандын төрт жараны жана Тажикстандын эки жараны жараат алып, ооруканага түштү.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар ортосунда Чектеги тактала элек 50 сотых жерди талашып чыр-чатак болду» деп билдирди.

Тажикстандын Чек ара кызматы "Тажикстанга таандык төрт гектар жерди Кыргызстандын жарандары өз алдынча ээлеп алган. Кыргызстандын чек арачылары чырдын алдын алуунун ордуна Тажикстандын куралсыз жай тургундарына ок атып, чагымчыл роль ойногон"- деген билдирүү таратты.
XS
SM
MD
LG