Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Ыраакы Чыгышта калган Пётрбек


Экинчи Дүйнөлүк согуштун катышуучусу Турманбет Эргешбаевдин ырлары китеп болуп чыкты.

Табиятынан ыр жандуу ардагер майданда көргөн азап-тозокторун, жакындарына, туулган жерине болгон кусалыгын кагазга түшүргөн экен. Ал туткунга түшкөндөн кийин союздаштардын жардамы менен кайра Орусияга өтүп, бирок сталиндик бийликтин саясатынан улам "тыңчы болушу ыктымал" деп айыпталып, эркинен ажыратылып, он жылдык өмүрүн Ыраакы Чыгыштагы Артем шаарында (Ред. Владивосток, Орусия) өткөргөн. Бул мезгилде орус улутундагы аял менен ынак мамиледе болуп, андан уул таап, ысымын Петрбек деп койгон экен.

Ардагер жөнүндөгү "Аалам кезген адамдын тагдыры" деп аталган китеп өзүнүн көзү өткөндөн дээрлик отуз жылдан кийин жарык көрдү. Китепке анын согуш кезде көргөн азап-тозоктору, жакындарына, эл-жерге болгон кусалык, сүйүү тууралуу ырларынан тышкары сатиралык чыгармалары, тамсилдери, согуштан, Ыраакы Чыгыштан жазган каттары, ал тууралуу эскерүүлөр да кирди. Журналист Алымжан Молорбаев маркумдун калеминин курчтугун, анын тубаса талант ээси болгонун баамдап, тууган-туушкандарына китепти чыгарууга кол кабыш кылган.

"Турманбет атабыз далай эрдиктерди көрсөтүп, жалтанбай, айыгышкан, кан күйгөн салгылаштарга катышкан. Немистердин айрым офицерлерин колго түшүрүп айдап келген учурлары болгон экен. Кырчылдашкан катуу кармаштардын биринде жарадар болуп, контузия алып, туткунга түшүп калган. Мындай оор күндөрдө да майтарылбай, бекем эркин көрсөткөн. Кийин ал күндөрү тууралуу ырларды жазган.

Туткунга түштүк сынбадык,

Тумчугуп карап турбадык.

Душмандын тылын бүлүнтүп,

Мекен деп бекем чыйралдык деп мыкты саптарды жазып кеткен".

Турманбет Эргешбаев 1922-жылы Аксынын Сыны айылында туулган. Анын ата-энеси он төрт бала көрүп, алардын ону чарчап калган. Ошол учпай токтоп калган төрт баланын туну болгону үчүн ата-энеси ага жана иниси менен эки карындашына ырымдап Турманбет, Турдайым, Токтайым, Токтоназар деген ысымдарды койгон.

Турманбет мектепти аяктаган соң мугалимдик кесипке ээ болуп, жаштыгы кан күйгөн согуш жылдарына туура келген. Окутуучу болгону үчүн согушка чакырылбай тургандардын тизмесине киргенине карабай, өзү суранып жатып 1943-жылы 21 жашында майданга аттанган. Урушта генерал-маршал Константин Рокоссовский жетектеген Украина, Беларус фронтуна кирип, беш жолу айыгышкан кандуу салгылаштарга катышкан. Анда көрсөткөн эрдиктери үчүн эки ирет "Кызыл жылдыз" ордени жана үчүнчү даражадагы "Даңк" ордени менен сыйланган.

Ушундай салгылаштардын биринде туткунга түшүп калып, тагдыр ташы аны океандын аркы өйүзүнө чейин алып барган. Ыраакы Чыгышта 1953-жылы акталып, Сыныга кайтып келгени менен туткунга түшкөнү үчүн коомдогу жектөөлөргө басынып жүрүп өткөн экен. Журналист Алымжан Молорбаевдин айтымында, маркум дүйнөлүк адабият, маданиятты терең түшүнгөн киши болгон.

"Эркинен ажырап жүргөн кезде да жакындары менен кат-кабар алышып, жакшы күндөрдөн күдөрүн үзбөй, жакшы ниет кылып жашаган экен. Жазган каттарында "иштеп да жатам, туулган жерди да, силерди да сагынып ыр жазып отурам, ар кандай көркөм китептерди окуп атам" деп айткандары бар. Анын чыгармаларында туулган жерге болгон сагыныч абдан терең чагылдырылган. Жаратылыштын кооздугу тууралуу, элди сүйүүгө үндөгөн ыр саптары бар".

Кызы Канчайымдын эсинде атасы анчейин ачыла бербеген, түнт киши катары калган.

"Атам оор басырыктуу, токтоо, эч ким менен урушпаган киши эле. Ыраакы Чыгышта калган аялы, баласы тууралуу бизге эч нерсе айткан эмес. Апам ыраматылык да аябай такып сураса, көгөрүп эч айтпай койчу экен. Атам бир чыгарма жазып, ошондон кийин анын Петрбек деген баласы бар экени билинген. Ал табылса жакшы болмок. Бирок кантип табышты билбейбиз. Петрбек деген атынан башка колго илинчү эч нерсе жок болуп атпайбы. Анын энесинин деле көзү өтүп кетсе керек. Андан бир топ жыл кийин төрөлгөн мен деле 60ка барып калдым. Ал уулу деле карып калды да. Азыр тирүүбү же жокпу, бала-чакасы барбы, ата-тегин билеби деген суроолор да бизге табышмак. Атам акталып, Ыраакы Чыгыштан келгенден кийин көп өтпөй ошол кезде райондо жетекчилик кызматта иштеп турган апам Барчагүлгө үйлөнгөн. Райондо гезит-журналдарда иштеп, ырлары, тамсилдери жарыяланып турган экен. Бирок анын куйкум сөздүү тамсилдеринен чоочулашкан жетекчилер "туткун болгонсуң" деген шылтоо менен иштен алып тынышыптыр".

Турманбет Эргешбаев жубайы Барчагүл Тагаева менен Ыраакы Чыгышта жүргөндө эле бири-бирине ыр, кара сөз түрүндө жазган каттары азыр да сакталуу. Экөө баш кошкондон кийин эки уул, эки кызды тарбиялаган. Жубайы 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайтса, уулдары Темирбек менен Өмүрбек 60ка жетпей каза болушуп, атасынын китебин көрө алышкан жок. Китеп анын чыгармаларын баалап, жаштайынан жанында көп жүргөн иниси Асанбек Эргешбаевдин (бир тууган иниси Токтоназардын тун уулу) демилгеси, кыздары Гүлсүн, Канчайым жана неберелеринин, башка туугандарынын жардамы менен көп жылдардан кийин гана басылып чыкты.

Артем шаарынан келген кат.
Артем шаарынан келген кат.

"Магелландан кийин эле жер шарын менин абам айланып чыккан" деп тууганынын талантына жетине албай, аны баалап жүргөн Асанбек Эргешбаев да 2018-жылы августта капилет оорудан кайтыш болуп калды. Көзү тирүүсүндө Асанбек Эргешбаев абасы тууралуу буларды эскерген эле.

"Айыгышкан уруштардын биринде мылтыгында ок калбай калганын, анан эки немис келе жатса коркпостон алдынан чыгып "Хенде хох!" деп аларды туткунга түшүрүп ротага айдап келгенин айтып берди эле. Душмандар огу жок экенин билсе абамдын өзүн атып салмак да. Немистердин куралы, автоматтары жакшы болгон дечү".

Маркум туткунга түшкөндөн кийин баспаган жери, көрбөгөн азабы, кылбаган иши калбаганын айтып, андай азапты башка бирөө көрүшүн каалачу эмес экен.

Ардагердин карындашы Алпайым Эргешбаева маркумдун Ыраакы Чыгыштан жазган ырларынын бирин окуп берди.

"Жыл сайын Жеңиш күнүндө Турманбет абам эсиме түшөт. Аны биз эмнегедир татар аба деп койчубуз. Мыкты сапаттары көп эле. Өзгөчө сапаттарынын бири - аялдарды абдан сыйлачу эле. Анын баласын аябай табууну каалайм. Табылса бир туугандуу болуп калат элек.

Чиркин жан, өмүр өтүп болсо кайып,

Алган жар созолонсо чачын жайып.

Артымда уулум калып, кызым калып,

Кайтса дейм бейитиме белги сайып'".

Көрсө, маркум Ыраакы Чыгышта жүргөндө туулган жерди көрбөй каламбы, сөөгүм ай талаада калып калбагай эле деп чоочулап, бул ыр саптарын чыгарган экен.

Туугандары анын Ыраакы Чыгышта калды деген уулу Петрбекти да интернет аркылуу издеп, бирок мындай ысымдагы кишини таба алышкан эмес. Көр тирилик менен каражаттын айынан алыска барып издөө ниеттери азырынча ишке аша элек.

Аалам кезип, баштан өткөргөн кыйын кезеңдерин ырга айланткан Турманбет Эргешбаев келиндеринин эсинде да мыкты кайната катары калган. Колундагы келини Сайрагүл Абылкасымова маркум гендердик теңчиликти таамай түшүнгөн, көрөгөч киши болчу деп эскерди.

"Мен 1986-жылы кеч күздө ушул куттуу үйдүн астанасын аттагам. Кайнатам да, кайненем да интеллигент адамдар эле. Ал кезде кайнатам 64 жашта болчу. Оор басырыктуу, басса-турса ой багып, аз сүйлөгөн адам эле. Билими терең, гезит-журнал, китептерди көп окучу эле, улуу-кичүү менен сүйлөшө келгенде ички-тышкы саясаттан жана башка бардык нерселерден кабары бар болчу. Сууну өзөндөн ташып иччүбүз. Атам сууну өзү чакалап ташып, толтуруп коет эле. Бир күнү кайнагам келип калып, "аба, сайдан суу ташыганыңызды токтоттуңузбу? Дагы мурдагыдай челек көтөрүп сууга чуркаганыңызды көрсөм сизге катуу капа болом. Келин алдыңыз, эми сууну келиниңиз ташыйт" деп калды. Атам "макул" деп башын ийкегенсип койду. Кийин "байбичеме кол кабыш кылып, суусун ташып, отунун кертип бергенимди көпчүлүк өөн көрүп атпайбы. Мейли эми, бизде ошондой түшүнүк калыптанып калган да. Мен аны эрөөн көрбөйм, бул да болсо көп элден алган таасирим, үйүтүм болсо керек. Андан эмнем кемимек эле" деп калды. Көрсө, кайнатам ошол доордогу тайкы түшүнүктөрдү четке каккан демократ, эл эмне дейт дебестен аялзатын урматтаган, "мен эркекмин" деп текеберленбеген асыл адам болгон тура".

Турманбет Эргешбаев өтө сабаттуу киши болгонун анын ак кагаз бетине калтырып кеткен чыгармалары, жакындарына, балдарына жазган шурудай тизилген кол жазмалары айгинелейт. Ал кыргыз тилинен да, орус тилинен да сабаттуу болгон экен.

"Атам орус тилин да аябай мыкты билчү. Бир ирет кечки тамакты ичип, сүйлөшүп отурсак, "кандай адам сөзүнө орусча сөздөрдү обу жок эле кошуп, ашыкча аралаштырып сүйлөйт, ушуну билесиңерби?" деп капилеттен суроо салды. Жообубузду күтпөй эле өзү "орус тилин толук, жакшы билбеген адам өз тилин бузуп, ботала кылып сүйлөйт, балдарым!" деди. Ошол сөз мага катуу таасир этти. Мен мугалим болгондон кийин эне тилде таза сүйлөшүм керек деген чечимге келгем. Чынында "ал тоже барат", "через день келишти", "уже түш болуп калды" деп бир сөзүн орусча, кийинкисин кыргызча кылып сүйлөй берет эмеспизби. Дагы бир сапаты эске түштү. Жаңы келинмин, кош бойлуу элем. Беш чакырым алыстагы коңшу айылдагы мектепте мугалим болуп иштеп жүргөм. Жумушка жөө каттачумун. Ошол кездери кайнатам "капталдан үрүп чыккан иттерден чоочуп калба, балам" деп айылдын четине дейре өзү узатып коёр эле",-деди Сайрагүл.

Турманбет Эргешбаев туткундагы азап-тозокторунун таасиринен ден соолугу начарлап, 1987-жылы 65 жашында дүйнөдөн өткөн. Анын китебине чыгармаларынын көбү жок болуп кеткендиктен кирбей калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG