Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Комендатура берген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү бүттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-майда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат берип, иштөөгө уруксат берилген ишканаларга өз кызматкерлерине транспорт уюштуруп берүүнү сунуш кылды. Ал ошондой эле жарандарга жеке менчик автоунааны себепсиз айдап чыгууга болбой турганын эскертти. Буга чейин автоунааларга берилген өткөрмө документтердин мөөнөтү бүттү.

Облустардагы чектөөлөр кала бермекчи. Бирок жүк ташуучу машинелерге эч кандай тоскоолдук болбойт. Кыргыз өкмөтү айрым тармактардын ишин жандантууга уруксат берди. Алар менен бул жактан таанышыңыз.

Карантиндик чаралардан улам Кыргызстанда коомдук транспорттун ишине, анын ичинде троллейбус жана автобустарга каттамга чыгууга уруксат берилбейт.

Бийлик 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, 25-мартта айрым аймактарга өзгөчө абал режими киргизилген. Баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып өзгөчө абал режими алынат. Ошол эле учурда 22-мартта киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталат. Аймактардан бири-бирине өтүүдө санитардык-карантиндик посттор иштей берет. (TSh)

XS
SM
MD
LG