Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жергиликтүү бийлик, күч органдары менен бирге Баткен облусунда чатак чыккан аймакта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
10-майда Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүү өтүп, чек арада элдин коопсуздугун сактоо жана коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында калк жыш жайгашкан айылдарда милициянын күзөтү күчөтүлгөн.
Эки тарап Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек аймактарында курулуш, эгин айдоо сыяктуу жумуштарды токтотууну да макулдашкан.
8-майдагы жаңжалдын кесепеттерин, чыгымдарды эки өлкөнүн өкүлдөрү чогуу тактай турган болгон.
Чек араны тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын иши коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканда каралат деп чечилген.
Баткен облусунда 8-майда Тажикстан менен чек арада, такталбаган аймактагы жер талаштан чыккан жаңжалда курал да колдонулуп, кыргыз тараптан төрт, тажик жарандарынан эки киши жабыркаган.
9-майда Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган. (NT)