Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Жогорку сотто Азимжан Аскаровдун арызы боюнча отурум башталды


Азимжан Аскаровдун сотуна журналисттер киргизилген жок.
Азимжан Аскаровдун сотуна журналисттер киргизилген жок.

Жогорку сотто 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызы карала баштады. Отурумга анын жактоочулары менен катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү да катышууда.

Сот имаратына Аскаровду бошотпоону талап кылган, өзүлөрүн июнь окуяларында каза болгондордун туугандары деп тааныштырган он чакты адам да киргизилди.

Жогорку сотто 25-февралда кассациялык арыз боюнча алгачкы отурумда прокурорлор арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен иш менен таанышууга убакыт сураган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган. Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов прокурорлордун талабын «формалдуу туура» деп баалаган.

69 жаштагы укук коргоочу Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Азырынча арыз качан каралаары белгисиз. (BTo)

XS
SM
MD
LG