Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Мамкаттоо: Жапырт каттоого тургандар шайлоочулар тизмесине кирбей калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл февралда үч шаарда жапырт катталып, бирок паспортун алмаштырбагандар же паспорттун чибине жаңы дарегин жаздыра электер жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата шайлоочулардын баштапкы жана контролдук тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу 13-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Жергиликтүү кеңештин депутатын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, тизмеге ошол жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгондор гана кире алат. Мүчөлүк паспорттогу тийиштүү белги менен тастыкталат.

Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 12-апрелде болмок. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышары кабарланган. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк президенттин жарлыгы менен убактылуу токтотулган.

Февраль айында Ош, Токмок жана Каракол шаарларына жакын аймактарда адамдардын жапырт каттоого турушу байкалган.

Мисалы, Ошто ага чейин айына 2-4 миң адам катталып келген болсо, февралда бул көрсөткүч 33,5 миң адамга жеткен. Мурда айына 200дөй адам катталып жүргөн Токмок менен Караколдо 3-4,5 миңге чамалаган. Башкы прокуратура буга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталганын билдирген.

Балыкчы менен Майлуу-Сууда андай фактылар катталган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG