Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Атамбаевдин аялы жана уулу аны менен жолугушууга уруксат сурашты


Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр. 2019-жылдын 16-августунда УКМКнын жанында тартылган сүрөт.
Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр. 2019-жылдын 16-августунда УКМКнын жанында тартылган сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы жана уулу аны менен жолугушууга уруксат сурап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» 14-майда Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, азырынча жооп боло элек.

Адвокат Атамбаевдин бөгөт чарасынын мөөнөтү мыйзамсыз узартылганын, андыктан жолугушуу көбүрөөк болушу керек экенин айтууда:

«Ден соолугунун абалын эске албастан бөгөт чарасын мыйзамсыз узартып коюшкандыктан эч болбосо жолугушууларды көбүрөөк берип турушса болмок».

Мыйзам боюнча тергөө абагында отурган адам менен жолугушууга уруксат бир айда экиден ашпайт. Уруксатты ошол ишти карап жаткан тергөөчү же, эгер иши сотко өткөн болсо, судья берет.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаев жакындары менен соңку жолу бир жума мурда - 7-майда жолукканын, андан бери арыз түшө элек экенин «Азаттыкка» билдирди.

Атамбаев УКМКнын тергөө абагында кармалууда, ага карата козголгон эки иш тең сотто. Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон иш да, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш да Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Соттун соңку чечими менен анын бөгөт чарасы 15-июлга чейин узартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG