Кыргызстанда быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты онлайн форматта өткөрүлөт. Бул тууралуу 15-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды.
«Белгилүү инсандарга, ата-энелерге, мектеп директорлоруна кайрылып, онлайн форматта жакшы куттуктоо, каалоо-тилек айтып, бүтүрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүп, кеңештерибизди берели деп жатабыз. Баарыбыз эле түшүнүп жатабыз, мындай кырдаалда эң биринчи орунда балдарыбыздын коопсуздугу жана ден соолугу турат», - деди ал.
Ошону менен катар Жусупбекова журналисттерге, белгилүү инсандарга, өнөр адамдарына жана ата-энелерге кайрылып, КТРК каналындагы «Мен бүтүрүүчүмүн» долбооруна катышууга чакырды.
Мектептеги быйылкы окуу жылы 30-майга чейин узартылды.
Жалпы билим берүүчү мектептердин 2019-2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактын шарттары өзгөргөн.
Быйыл өлкөдө 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253ү артыкчылык аттестатына талапкер. 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны 104 миңге жакын. (RK)