Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Роскомнадзор COVID-19га байланышкан жаңылыкты алууну талап кылды


Роскомнадзор «Гуглдан» «МБХ медиа» сайтында «The Financial Times» гезитине шилтеме менен жазылган жаңылыкты алып салууну талап кылды. Жаңылыкта Орусияда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны расмий айтылгандан көп болушу мүмкүн экени жазылган. Компания «МБХ медиага» ал материалды алыш керек экенин эскертти. Сөз болгон сайттын маалыматтары «Google Cloud» платформасында сакталат.

Роскомнадзор Башкы прокуратуранын 13-майдагы көрсөтмөсүнө ылайык иш алып барганын билдирди. Прокуратура ал жаңылыкта «массалык башаламандыкка, экстремисттик иштерге, эрежелерди бузуу менен уюштурулган коомдук иш-чараларга катышууга чакыруу камтылган» деп эсептейт.

Британиянын «The Financial Times» жана америкалык «The New York Times» басылмаларында жарык көргөн материалдарда «Москва менен Санкт-Петербург шаарларында коронавирустан көз жумгандар расмий статистикада айтылгандан 70% көп болушу мүмкүн» деп айтылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ал макалаларды «негизсиз чайкоочулук» жана «Орусияга каршы кезектеги сенсациялык жалган маалымат» деп атаган.

Москва шаарынын бийлиги COVID-19 илдетине өлгөндөр тууралуу маалыматтар ачык-айкын берилип жатканын билдирди. Ошол эле маалда коронавируска чалдыккан бейтаптардын өлүмү 60% учурда расмий статистикага камтылбаганы, себеби ал кишилер башка оорулардан көз жумганы белгиленди.

Орусиянын борбору бул өлкөдө COVID-19га кабылган бейтаптардын өлүмү боюнча биринчи орунда турат. Жума күнгө карата шаарда 1 миң 358 киши өпкөнүн сезгенишине алып келген илдеттен дүйнө менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG