Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Масалиев: Бийликтин элден обочо жашап жатканы көрүндү


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарегине ыраазычылык кат жолдошу - бийлик элден обочолонуп, өзүнчө жашап калганын көрсөттү".

Мындай пикирин Кыргызстандын коммунисттер партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев "Азаттык" радиосуна билдирди:

"Буга таң калып кереги жок. Парламент өкмөттүн ар бир ишин колдоп, чала-чарпыт аткарылган иштерин да кубаттап отурса, албетте мактайт. Мына ушинтип бири-бирин мактап отурганы - бийлик элден обочолонуп, өзүнчө жашап калганын көрсөттү. Дүйнөдө эмне болуп жатат, ааламда эмне болуп жатат, эл кантип жашап жатат, андан кабары жок. Эл өзүнчө жашап калды, бийлик өзүнчө жашап калды. Экинчиден, өкмөттү парламент бекитет. Ошондуктан, өкмөт парламент тарабынан айтылган сынды угуп, аны оңдоого аракет кылышы керек. Тилекке каршы азыркы өкмөттөн андай аракетти байкаган жокмун".

16-май күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарегине ыраазычылык кат жолдоду. Анда премьер-министр Кыргызстанда өкмөт менен парламент мамлекеттик бийликтин эки бутагы катары конструктивдүү маанайда кызматташып келе жатканын белгилеп, өкмөттүн ишин ар дайым колдоп келгени үчүн төрага Дастан Жумабеков баштаган депутаттарга ыраазычылыгын билдирген.

13-май күнү Жогорку Кеңеш айрым депутаттардын өкмөттүн ишин кескин сынга алганына карабай, 2019-жылкы аткарган иши тууралуу отчетун угуп, жактырган. 14-май күнү 2020-жылдын мамлекеттик бюджетти өзгөртүү маселеси каралып жаткан учурда, кээ бир депутаттар парламент төрагасы Дастан Жумабековдун дарегине сын айтып, аны "өкмөттүн адвокаты" деп айыпташкан.

Буга төраганын кээ бир депутаттарга "парламент жакпаса, силерди кармаган эч ким жок" деген сөзү негиз берген. Депутат Жанар Акаев спикер Жумабековдун ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Коомчулукта да парламент төрагасынын иши катуу сынга алынган учурлар бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG