Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү мөөнөтү дагы эки айга узартылды


Кой-Таш айылы. 9-август, 2019-жыл.
Кой-Таш айылы. 9-август, 2019-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү дагы эки айга, 18-июлга чейин узартылды. Мындай чечим 18-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

Соттолуучулардын бөгөт чарасы да эки айга узартылды.

Кыргызстан социалдемократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдиргендей, адвокаттардын соттолуучулардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Бүгүнкү сот отурумуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Соттун маалыматына караганда, ал өзүн начар сезгендиктен жыйынга катышпай турганын билдирген.

Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

УКМКнын басма сөз кызматы 18-майда маалымат таратып, «Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө» деп билдирди.

Кийинки отурум 25-майга белгиленди.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул окуя үчүн Атамбаев баштаган 14 адамга айып тагылган.

Соңку соттук отурумда Атамбаевди темир тор ичине отургузуп соттоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке карата козголгон дагы бир иш каралып жатат. Ал боюнча Атамбаевдин бөгөт чарасы 15-июлга чейин узартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG